"Элдин баары билет". Депутат Казакстандан аткезчилик жолу менен киргизилген бензинди өлкөнүн түштүгүнө жеткирүү схемасын айтып берди

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен отурумунда ЕАЭБдин алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча маселе талкууланууда.

Анда депутат Бакытбек Жетигенов Казакстандан аткезчилик жолу менен киргизилген бензин өлкөнүн түштүгүнө кантип жеткирилип жатканын айтып берди. "Муну элдин баары жана жооптуу кызматтар да билет. Алар өздөрү унааларына аткезчилик жолу менен келген бензин куюшат. Чек арадан жеңил унаалар 10-20 жолу өтүп, бензинди чоң фураларга толтуруп, түштүккө алып кетишет. Бул схеманы жоюу керек. Тиешелүү органдар өз үлүшүн алып турушат", - деди Жетигенов.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, күзгө чейин чек ара постторунда фото жана видео байкоочу камераларды киргизүү пландалууда. "Камералар толугу менен орнотулган соң, эсепсиз кирген товарлар бир топ азаят деген ишеничтебиз" деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан