Александр Крестинин: "Эртең "Дордой" күйөрмандары үчүн кызыктуу беттеш тартуулайт"

Эртең, 26-июнда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" клубу Тажикстандын "Худжанд" командасы менен кез келет. Беттештин алдындагы маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин алдыдагы оюн тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

"Дордой" бул АФК Кубогунда ийгиликсиз оюн өткөргөндүгү үчүн күйөрмандар алдында кечирим сурап, кызыктуу беттеш тартуулайт. Футболчуларыбыз өзүнө болгон ишенимдерин ушул оюнда көргөзүүсү керек. Коргонууда бекем, активдүү чабуулга чыгуу аракеттерин көрөбүз.

АФК Кубогунун ар бир оюнунда гол киргиздик, бирок өзүбүзгө да гол өткөрүп алып жаттык. Эң башкы көйгөй коргонууда болду. Командалык оюн тиешелүү деңгээлде деп айта алам, бирок оюнчулардын жеке каталары жыйынтыкка таасир берип коюп жатты. "Алтын Асыр", "Истиклол" менен болгон оюндарда жеке каталардын айынан упай ала албай калдык", - деди Крестинин.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. "Дордой" 5 турда 4 упай менен акыркы орунга жайгашып, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-X
2019-06-25 23:38:40
.Өлкө чемпиондугун бир нече жолу алган, ,Алай" клубун чыгаруу керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан