Ысык-Көл облусунда 2013-жылдын 7 айында жол кырсыгынан 16 киши каза болуп, 51 адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Азыркы күндө Чолпон-Ата шаарында жүргүнчү ташуучу коомдук унааларды текшерүү боюнча 3 күндүк рейд жүрүүдө. Текшерүүнүн максаты - жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат. Иш-чара ОИИБинин башчысы Эмил Салиевдин буйругуна ылайык өткөрүлүүдө.