Москвада 24 адамга ууланган суусундук берип, алар эс-учун жоготкондо тоногон адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Кылмышка шектүүдөн жабыркагандар мындан да көп болушу мүмкүн. Күн ысыкта бекер муздак суусундук иче калам деп тонолгондордун саны 24кө жетти. Басман районунун полициясы тарабынан кылмышка шектүү колго түшүрүлүп, анын үйү тинтүүгө алынган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.