Депутат Чек ара кызматын жана Бажы кызматын сындаганы үчүн анын туугандарына чек арада бут тосуулар болуп жатканын айтты

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен отурумунда аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.

Отурумда депутат Эльвира Сурабалдиева анын туугандарына чек арада бут тосуулар болуп жатканын айтып, Чек ара кызматын жана Бажы кызматын сынга алды.

"Бул органдар сынга алган ар бир депутаттын туугандарына бут тосууларды жасоонун ордуна өз милдеттерин так аткарса жакшы болмок. Мен үчүн таң калычтуу болду. Жеңиш Парпыевич (вице-премьер-министр), тиешелүү органдардын жетекчилерин туура иштөөнү үйрөтүңүз", - деп депутат Жеңиш Разаковго кайрылды.

Бажы кызматынын төрагасы депутаттын туугандарына чек арада бут тосуулар болуп жатканы ал үчүн да таң калычтуу экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан