Неймар "Барселонага" кайтканы калды

Учурда "Пари-Сен-Жермен" клубунда ойноп жаткан Неймар ийгилик жарата албай, команданы алмаштырууну ойлонуп жаткан чагы. Чет элдик басылмалар бразилиялык футболчу испаниялык "Барселонага" кайтып келүү жөнүндө сүйлөшүп жатканын жазып чыгышты.

Неймар "Барселонада" ойногон досторуна кайрылып, "мен кайра кайтып келем" деп билдирген. Футболчу 2017-жылы каталондук клубдан "ПСЖга" өткөнүн ийгиликсиз кадам экендигин моюнуна алып, "Барселонадан" кечирим суроого даяр. Ошондой эле маянасын төмөндөтүүгө да макул болууда.

Ал 2017-жылы "Барселонадан" "ПСЖга" 222 миллион еврого өткөн. Мессинин көлөкөсүндө калуудан качкан бразилиялык футболчу француздук клуб менен Чемпиондор Лигасында ийгилик жарата албай келет.

Неймар жаракатынан улам учурда болуп жаткан Америка Кубогуна катыша алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nemo2016
2019-06-25 19:38:47
Кимге ишеничти билбейсин качан отту Барселона га дегенде анан суйуном
-1
Bale1111
2019-06-25 20:14:44
Неймар акчанын артынан түшүп жүрөт эми эч титул ута албай Барселонага келем деп ии күйдүргү
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан