Ингушетиянын башчысы өз эрки менен кызматтан баш тартарын күтүүсүз билдирди

Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуров отставка сурап Путинге арыз жазды. Өлкө башчысы улуттук телеканалынан атайын билдирүү жасап, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын маалымдаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Евкуров кызматтан кетип жаткан себебин "ингуш коомчулугунун ыдырап, бөлүнүп калганы" менен негиздеген. Сөзүндө ал өлкөнү башкарып турган мезгилде терроризмди жеңип, аймакка бейпил жашоо орнотууга мүмкүн болгондугун баса белгилеген.

Евкуров Ингушетиянын президенти болуп 2008-жылдан бери эмгектенген. 2009-жылы өлкө башчынын өмүрүнө кол салуу болуп, ооруканада 1 айдан ашык убакыт жаткан. Владимир Путин анын арызын кабыл алган-албаганы боюнча азырынча маалымат жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2019-06-25 17:51:48
Биздикилер дагы ушинтсе
+2
tular
2019-06-25 21:23:15
aza84, Биздикилер чып кет, десен да кетпейтда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан