Кыргыз спортчулар Алмаз Акун жана Бакыт Кадыров грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынышты. Расмий маалыматына ылайык, мелдеш 21-24-июнь аралыгында Азербайжанда грэпплингдин WJF (World Jaguar Federation) версиясы боюнча өткөн.
Алмаз Акун 80 килограммга чейинки салмакта азербайжандык спортчуну жеңип, 1-орунду алган. Бакыт Кадыров 77 килограммга чейинки салмакта биринчиликти багындырган.