Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян камакка алынды

Армениянын апелляциялык соту мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Еревандагы сот аны 18-майда үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу Карабах өлкөсүнүн лидерлери 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен. Экс-президенттин жактоочулары аталган чечимге макул болушпаса, 15 сутка ичинде сотко кайрыла алышат. Эгерде судья мурдагы президентти күнөөлүү деп тапса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Кочарян өзүнө козголгон кылмыш ишин "мыйзамсыздык" жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын "саясий куугунтугу" деп айткан.

Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazar76
2019-06-26 01:51:16
Атамбаев окуй турган жанылык экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан