25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында ырчы Самара Каримованын жеке концерти аншлаг менен өттү. Эки мамлекеттин ынтымагы үчүн өткөн концертти оркестр коштоп турду.
Ага Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты. Ырчы Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ырын аткарганда элчи кубанганынан ордунан туруп, кол чаап, кубаттап жатты. Самара Каримова өзбекстандык Озодбек Назарбеков, Ботир Кодиров өңдүү ырчылар менен дуэт аткарды. Кыргыз жана өзбек тилиндеги ырлар жаңырган концертте көрүүчүлөр да бийлеп турушту.
Ырчы “Супер-Инфого” берген маегинде "Ташкенттеги концерттен кийин Өзбекстандын Манас айылындагы туугандарга концерт коюп барам" деп айткан.