"Бажа-гейт". Бүгүн Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" чуусу каралат

"КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда парламентте белгилүү болду. "КТ Мобайлдын" айланасындагы маселе бүгүнкү күн тартибине киргизилди.

Буга чейин "Мегаком" компаниясы тарабынан "КТ Мобайлдын" карыздарын төлөө үчүн жыл башында эле которулган 345 миллион сом эмнегедир коммерциялык банктарга жайгаштырылганы айтылган.

"КТ Мобайл" компаниясы боюнча эсеп-кысаптардын баары колумда турат. Анын жетекчилери каражатты карыздарын жабууга жумшабай эле өздөрүнүн олчойгон маяналарына жумшаган. Өткөндө компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев "157 миӊ сом маяна алам, айрымдары маяна албайт" деди эле, анысы калп болуп чыкты. Ал 194 миӊ сом алат, калгандары деле ошондой чоӊ өлчөмдө акча алышат экен. Мисалы, бир кызматкери 3 жумушчу күн үчүн 109 миӊ сом, дагы бири 70 миӊ сом алган", - дешкен комиссиянын мүчөлөрү.

17-майда “КТ Мобайл” компаниясы боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, анда “Мегаком” компаниясынын директору Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев ("Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси) тарабынан коркутуулар болгонун айткан. Эртеси Рысалиев кызматтан кеткен.

Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан