SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна жылдыздуу түгөйлөр Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы кошулду. Чыгарма түгөйлөрдүн жазында өткөн жеке концертинде күйөрмандарына тартууланган.
19-ИЮНДАН 26-ИЮНГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Гүлзат Мамытбектин "I can fly" аталышындагы клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орун - Фарида Карбосованын "Ашыгам" видеоклибине буюрду.
8-орунда - Кайрат Примбердиевдин "Эстей берем" чыгармасы жайгашты.
7-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеоклиби камсыздады.
6-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" видеокомпозициясы ээледи.
5-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы камсыздады.
4-орун - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клибине буюрду.
3-орун - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Роза Шакированын "Сени менен" клиби ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурлан Насиптин "Мадам" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.