Бүгүн, 26-июнда Башкы прокуратуранын алдында Орунбүбү Маматова аттуу аял сатып алган 15 сотых жерине 8 жылдан бери ээ боло албай жатканын айтып митингге чыкты. Анын айтымында, ал Орусияда көп жылдар бою иштеп жүрүп, 2011-жылы Бишкектеги Абай көчөсүнөн 15 сотых жерди 125 миң долларга сатып алган. Бирок көп узабай жердин экинчи ээси чыгып, соттун чечими менен жерди кайтарып алган.
Ал эми Орунбүбү Маматовага жерди саткан М.И. аттуу жаран жердин акчасын кайтарып бербестен кепилдик катары жабырлануучуга 30 миң долларлык үйдү берген. Бирок ал үйдүн да бир айга жетпей ээси чыгып, үйдү тартып алып койгон.
Бул боюнча жабырлануучу аял Биринчи Май райондук сотуна бир канча жолу "алдамчылык" боюнча арыз жазып кайрылган.
Митингге жабырлануучу аял жакындары, туугандары менен чыкты. Ал бул маселеси боюнча президентке, Жогорку Кеңешке кайрыларын айтты.