Эл аралык олимпиада комитети: "Брейк-данс, сёрфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу спорт катарына киргизилди"

Эл аралык олимпиада комитети ар бир 4 жыл сайын Олимпиадага жаңы спорт түрлөрүн кошуу менен кызыгууну арттырып келет. 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарында брейк-данс, сёрфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу боюнча мелдештер программага киргизилди. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

"Сунушталган спорттун төрт түрү Олимпиаданын күн тартибине толугу менен шайкеш келет. Гендерлик көрсөткүчтөрү боюнча программанын тең салмактуулугу сакталып, жаш муунду тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деген комитеттин президенти Томас Бах.

Мелдештерде брейк-данс менен сёрфинг боюнча кыз-келиндер жана уландар арасында бирден медалдар комплектиси, скейтбординге менен аскага чыгуу боюнча экиден медалдар комплектиси ойнотулары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2019-06-26 13:00:43
Олимпиада циркке айланып баратат(((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан