10 миң сомго чейинки смартфондордун ТОП-5 рейтинги

2019-жылдын эӊ мыкты бюджеттик смартфондору – бир жыл мурунку смартфондор эмес. 2-3 жыл мурункуларды карай турган болсок, ошол учурда эӊ жакшы деп эсептелген смартфондордун бүгүнкү бюджети менен салыштырууга болот. Интернетте сёрфинг, социалдык тармактарды колдонуу, навигация жана башка базалык милдеттерди аткарууга жѳндѳмдүү 10 миӊ сомго чейинки смартфондордун бешѳѳнү сунуштайбыз.

Болгону 5550 сомго Xiaomi Redmi Go мисалы, балдар же ата-энелер үчүн алгачкы смартфон катары мыкты тандоо болуп эсептелет. Смартфон жакшы сүйлѳшүү динамигине, ызы-чууну басаӊдатуучу тутуму бар эки микрофонго, эки SIM-картанын ордуна жана узак убакыт бою ѳз алдынча иштѳѳ жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ. 6 айга бѳлүп тѳлѳѳ: айына 925 сом.

5990 сомго O!Phone 4G Joy – жеӊил, стилдүү жана кармоого жагымдуу смартфон, LTE түйүндѳрүндѳ иштей алат, жогорку жүктѳѳ ылдамдыгын жана тиркемелердин туруктуу иштѳѳсүн камсыздай алат, кѳрүнүктүү IPS-дисплейге, 64 ГБга чейин кеӊейтүүгѳ мүмкүн болгон 16 ГБ эс-тутумга, ажыратылма корпуска, актуалдуу ПК версиясына ээ. Камерасын ѳзгѳчѳ белгилеп кетүү зарыл – 8/0.3/5 Мп камералуу негизги модуль, экинчи модуль фондун дааналыгы менен күӊүрттүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Жогорку дааналык менен 18:9 катыштан улам О!Phone 4G Joy оюн ойноо жана фильмдерди кѳрүүгѳ абдан ылайыктуу. 6 айга бѳлүп тѳлѳѳ: айына 999 сом.

7390 сомго Honor 7A. Үнү катуу жана алкаксыз. Динамикасынын үнү бийик болгондуктан чакан топ болуп бирге фильм кѳрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми камерасынын сапаты эӊ мыкты болгон үчүн түнкүсүн гана тартылган сүрѳттѳрдүн орточо сапатына нааразычылык жаралышы мүмкүн (кээ бир флагмандарда да мындай абал бар), негизги — 13 Мп (жарк этме, автофокус), фронталдуу — 8 Мп (жарк этме). Смартфон биометрикалык аутентификациянын эки ыкмасын камтыйт: бармактардын изин жана жүздү аныктайт. Ооба, талабы жогору болгон оюндарды ойноого мүмкүн эмес, ошентсе да аппарат менен эч кандай кыйынчылыксыз онлайн-оюндар, сёрфинг, фильмдерди кѳрүүгѳ болот. 6 айга бѳлүп тѳлѳѳ: айына 1232 сом.

7499 сомго Huawei Y5 2019 – смартфон 5,71 дюймдук дисплей, 2 ГБ оперативдүү жана 32 ГБ орнотулган флеш эс-тутумдуу процессор, ошондой эле 5 Мп фронталдуу жана 13 Мп негизги камера, microUSB порт, microSD эс-тутум картасы үчүн ѳзүнчѳ слот менен жабдылган. 3020 мАч моделдеги аккумулятору бир күн бою иштѳѳгѳ жѳндѳмдүү. 6 айга бѳлүп тѳлѳѳ: айына 1250 сом.

8690 сомго Samsung Galaxy A10 – бир эле учурда эки nanoSIM-карта менен microSD эс-тутум карталарды орнотууга мүмкүн болгондуктан смартфон абдан ыӊгайлуу. Смартфондун кубаттуулугу почтаны текшерүү, мессенджер аркылуу жазышуу үчүн жетиштүү жана интернет-браузерде бир эле учурда бир нече баракчаны YouTube баракчасын ачык калтыруу мүмкүн. Ал тургай кээ бир 3D-оюндарды ойноого да болот. Бул аппараттын дагы бир күчтүү жагы – бир эле заряддан иштѳѳ убактысы, заряд кадимки колдонуу режиминде бир күнгѳ толук жетет. 6 айга бѳлүп тѳлѳѳ: айына 1448 сом.

Ошентип ѳзүӊүздѳр кѳрүп тургандай, ар бир смартфон аны жалпы массадан ѳзгѳчѳлѳнтүп турган уникалдуу сапаттарга ээ. O!Store дүкѳнүнѳн нарктык категорияга карабастан ѳзүӊүзгѳ жаккан оптималдуу смартфонду оӊой эле таба аласыз! Буларды жана башка смартфондорду O!Store дүкѳндѳрүнѳн банктын үстѳк пайызы жок жана алгачкы тѳлѳмсүз бѳлүп тѳлѳѳ менен сатып алууга мүмкүн.

Сизге смартфон керек – сизге O!Store керек.

Баалар жарыялоо учурунда жарактуу. Товар тастыкталган. Смартфондордун саны чектелүү. Сизди кызыктырган моделдин бар экендигин, ошондой эле насыя жана бѳлүп тѳлѳѳнү жолжоболоштуруу үчүн керектүү документтердин тизмесин 0 705 007 000 телефонуна чалып же болбосо ostore.kg cайтынан сурап биле аласыз. Насыя «Дос-Кредобанк» ААКсы тарабынан берилет. Банк себептерин түшүндүрбөстөн насыя берүүдөн баш тартуу укугуна ээ экендигин белгилейбиз. «Дос Кредобанк» ААКсы КРУБ №037 лицензиясы.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан