Эртең, 28-июнда байдарка жана каноэ менен ар кандай аралыкка сүзүү боюнча өлкө чемпиондугу старт алат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
30-июнга чейин Чүй облусундагы "Ала-Арча" базасында боло турган ачык чемпиондукка Кыргыз жана КМШ өлкөлөрүнүн күчтүү спортчулары катышат.
Мелдештердин программасы:
Уландар: К1, К2 – 200; 500; 1000 метр.
К4, С2 – 200 метр.
С1 – 200; 500; 1000 метр.
Кыз-келиндер: К1 – 200; 500 метр.
Кыргыз өлкөсүнүн ачык чемпиондугун спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана кайык менен сүзүү федерациясы биргелешип өткөрүп жатышат. Уюштуруу иштерине бюджеттен 33 миң сом каралды.