Баткенде төрт балалуу келин өз жанын кыйды. Маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы ырастады.
Белгилүү болгондой, 1986-жылы туулган О.Б. аттуу аялдын жансыз денеси бүгүн, 27-июнда табылган. "33 жаштагы келиндин үйүндөгү шатыга асынып алгандыгы тууралуу маалымат эртең мененки саат 7:30да келип түштү. Андан кийин милиция бөлүмүнөн атайын топ окуя болгон жерге жөнөтүлдү. Ал эмне себептен бул кадамга баргандыгы азырынча белгисиз. Соттук медициналык экспертиза адистеринин сыртынан кароо учурунда аялдын денесинде эч кандай жаракаттары жок экендиги аныкталган. Азыркы учурда факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум келин үй-бүлөдөгү пикир-келишпестиктен улам өз жанын кыйган.