Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси каралууда. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге тагылган 5 оор кылмыш боюнча айыптоого негиз бар экенин айтты.
Депутат Ирина Карамушкина башкы прокурорго ишенбөөчүлүк жарыялаганын айтты. "Эгер Атамбаев уюшкан кылмыштуу топту түзгөн болсо, анын командасында КСДПнын депутаттары, парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр болгон Сооронбай Жээнбеков иштеген. ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорду булар колдошкон. Демек, ага-ини Жээнбековдор мыйзам алдында жооп бериши керек", - деди Карамушкина.
Бүгүн Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу керек.