Алмазбек Атамбаев канча жылга камалышы мүмкүн? Башкы прокурордун жообу

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси каралууда. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов корутундуну окуп, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Депутат Тынчтык Шайназаров Атамбаев кайсы кодекс боюнча жазага тартыларын сурады.

Башкы прокурор жооп бергендей, тергөө иштери 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык жүрүүдө. "Атамбаевди "Коррупция" беренеси боюнча 5 оор кылмышка айыптоого негиз бар. Бул берене боюнча күнөөлүүлөр 10 жылдан 12,5 жылга чейин же 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деди Жамшитов.

Буга чейин Атамбаевге депутаттык комиссия таккан 6 айыптын бешөөсү боюнча оор кылмыштардын белгилери аныкталган.

  1. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;

  2. Кой-Таш айылына салынган турак-жайынын жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу;

  3. Акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;

  4. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;

  5. ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан