Кыргыздын белгилүү балбан кызы Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 8-орунда жайгашты. Аталган рейтингди Эл аралык күрөш федерациясы эл аралык мелдештердин жыйынтыгы менен жаңылап турат.
2019-жылы Тыныбекова Азия чемпиондугунда жана Францияда өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталган. Мындан сырткары ал Никол Петров жана Дан Колов турниринде коло медалга ээ болуп, Италияда өткөн турнирде 8-орунду ээлеген.
Ошондой эле алдыңкы мыкты 20 балбан кыздын катарына Мээрим Жуманазарова дагы кирген.
Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы дүйнөлүк рейтинг:
62 килограммга чейинки салмак ченинде
8. Айсулуу Тыныбекова - 34 упай;
68 килограммга чейинки салмак ченинде
20. Мээрим Жуманазарова - 14 упай.