Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуу учурунда өзүн начар сезди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, расмий жолугушуу учурунда Ангела Меркелди калтырак баскан. Буга карабастан ал ага сунушталган суудан баш тартып, иш-чарага катышуусун уланткан.
Иш-чарадан соң журналисттер Меркелди көргөнүн жана ал өзүн жакшы эле сезип жүргөнүн жазышкан. Ал эми канцлердин өкүлү ал эч кандай иш-чараларды кийинкиге жылдырбай тургандыгын жана жакында Японияда өтчү саммитке даярданып жатканын айткан.
Эске салсак, өткөн жумада Ангела Меркель Украинанын президенти Володимир Зеленский менен жолугушууда денесин калтырак басып, аз жерден жыгылып кала жаздаган.