Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тамга айыл аймагында 3-августта саат 01:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Тосор суусунун көлөмү көтөрүлгөн. Натыйжада 4 ички чарбалык көпүрөнү сел суусу жууп кеткен жана 3 даана электр мамычасы кулаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Жети-Өгүз райондук жарандык коргоо комиссиясы жеринде иш алып барууда. Алдын ала алынган маалымат боюнча, каза тапкандар жана жаракат алгандар катталган жок.