Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген соболуна УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жооп берди.
“Баары ачык эле ошол нерсеге даярданып жатканы көрүнүп жатпайбы. Анан даярданган нерсе болот да. Элге бул нерсе керекпи же керек эмеспи деп эч ким сураган жок. Эки тарап өз ара максаттарын ишке ашыралы деп жатат. Карапайым калкты эч ким ойлогон жок.
Тарыхта кандай болгонун баарыбыз билебиз. Эми дагы кайталанат окшойт. Саясий өзгөрүүлөр бир эле жол менен жасалат. Ал - революция. Саясий карама-каршылыктар чечилиши үчүн эмне кылуу керектигин биздин саясий элита билбейт. Эгерде алар билбесе ким үйрөтөт? Ошондуктан өз билгенин, колунан келгенин жасайт", - дейт Мамытканов.