Бразилиянын президентин саммитке коштоп келе жаткан учактан 39 килограмм кокаин табылды

Бразилиянын президентин саммитке коштоп келе жаткан учактан 39 килограмм кокаин табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кокаин аскер учагынан табылган.

Бразилиянын коргоо министри билдирүү таратып, баңгизат саммит болчу Осака шаарына учуп бара жаткан учактардын биринде табылганын, мындан улам Севилья шаарынан учакты кондурууга мажбур болушканын билдирген.

Испаниялык басылмалар бул окуя боюнча 38 жаштагы сержант Мануэль Сильва Родригес кармалганын жазышты. Ошондой эле кармалган сержант буга чейин Бразилиянын 3 президентин 29 эл аралык иш сапарга коштоп барганын билдиришүүдө. Кокаин сержант учактан түшкөндө колундагы жүгүнөн табылган.

Ал эми президент Твиттердеги жеке баракчасына сержантка катуу жаза талап кылып, коргоо министри бул ишти өз көзөмөлүнө алуусу керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JENTLEMAN
2019-06-27 20:48:17
Байкуш Сержант жок жерден подстава болуптурда.
-1
souza.j
2019-06-27 20:53:06
JENTLEMAN,Ким билет мумкун иштеп аткандыр.
0
JENTLEMAN
2019-06-27 20:52:52
Аркы темада Аша титиреп калыптырго)). Текебаев Жапаровдорду Крга границадан кирери менен эле үйбүлөсүнө жеткирбей адилетсиздик менен алып барып камап койгондорун ойлоп жатат бекен? Кайдагы бир шылуун орустун көрсөтмөсү менен Текебаевди тыкты. Каптагаев тосмо арызын алса деле Жапаровду тыкты, буларды ойлобой эле өзүнө адилетсиз куугунтук болуп жатат дейт, а сен адилеттүү куугунтуктаган белең аларды?)).
+7
Aida05
2019-06-27 22:04:09
Тан калычтуу 24 жылдан бери тааныйм дегени коз ачык менен байланышы бар го.Атамбаев айтып ататго мен ушундай болорун билгем деп.
+2
shahlet
2019-06-28 14:18:22
президенттин бизнеси кучтууго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан