Бишкек шаарында 2-августта 2 жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2-августта саат 16:25те Чоң Чүй каналынын Лермонтов көчөсү менен кесилишинде 1995-жылы туулган Жолдош Сулайман уулу чөгүп кеткен, учурда издөө иштерин ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жүргүзүшүүдө. Ушул эле күнү Биринчи Май районунда саат 19:00 чамасында Чоң Чүй каналынын Манас көчөсү менен кесилишиндеги көпүрөнүн астынан белгисиз адамдын жансыз денесин ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.