Кыргызгидромет: "Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн 37 градуска чейин ысыйт"

Бүгүн, 28-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында күндүз +37 градус, түнкүсүн +22 градуска барабар болот. Ал эми Чүй жана Талас өрөөнүндө күндүн ысыгы +36 градуска чейин жетсе, түнкүсүн көрсөткүч +19 градуска барабар болот. Ысык-Көл жана Нарын облустарында абанын температурасы күндүз +29, түнкүсүн 13 градус болот. Ал эми Бишкекте күндүз +36 градус, түнкүсүн +21 градус болору күтүлөт.

30-июнга чейинки күтүлүп жаткан ысык аба ырайына байланыштуу дарыялардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин ӨКМ эскертти. Саламаттыкты сактоо министрлиги күндүн ысыгынан сактануу зарылдыгын белгиледи. Күндүн ысыгынан сактануу боюнча адистердин кеңеши бул жакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан