Бразилия курама командасы Америка Кубогунун алгачкы жарым финалчысы болду. Бүгүн, 28-июнда болуп өткөн чейрек финалда Титенин командасы Парагвайды жеңди.
Бул оюндун негизги бөлүгүндө бир да гол кирген жок. Жеңүүчү пенальти сериясында аныкталып, анда Бразилия 4:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Жарым финалда Бразилиянын атаандашы Аргентина-Венесуэла оюнунун жеңүүчүсү болот.