Таэквондо боюнча Азия чемпиондугунун биринчи күнүндө кыргыз спортчулары 33 алтын медаль жеңишти

27-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында таэквондо боюнча Азиянын Ачык Чемпиондугунун алгачкы мелдештери өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнү татамиге 200дөн ашык спортчу чыккан. Жалпысынан «массоги» (спарринг) жана «тыль» (комплекстүү көнүгүүлөр) боюнча 58 комплект медаль ойнотулду. Мелдештердин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 80 медаль (33 алтын, 21 күмүш, 26 коло) багындырды. Экинчи орунду 6 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль уткан Малайзия курамасы камсыздады. 3-орунду Орусия курамасы ээледи (4 алтын, 2 күмүш).

Мелдешке чеберчилиги 1-дан болгон жана андан жогорку көрсөткүчү бар 15 өлкөдөн келген жалпы 1000ге жакын спортчулар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitowa11
2019-06-28 15:36:50
Ийгилик каалаймын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан