Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери кетип, алардын ордуна эч ким келген жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов билдирди.
"Эгер нөөмөт алмашуу болгондо жаңы күзөтчүлөр кайтарып тургандардын ордуна келишмек. Бирок андай болгон жок. Мамлекеттик күзөтчүлөр биз менен сүйлөшпөйт, суроолорубузга жооп бербейт, алардын кызматы ушундай. Азыр Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кайтаруусуз калды", - деди Кылычов.
Бүгүн, 28-июнда таңкы саат 4:30 чамасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери кеткени кабарланган. Ал эми УКМК азыркы учурда экс-президентти кайтарууда камсыз болгон күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле деп жооп кайтарган. "УКМК экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчөтүп берүүгө даяр", - дешкен мекемеден.
Маалымат үчүн:
"Экс-президенттин статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, экс-президент Кыргыз Республикасынын аймагында өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда мамлекеттик кайтаруу токтотулат.