Мындан 1 жыл мурда режиссёр Эрнест Абдыжапаров коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу тарыхый тасма тартууну колго алган. Ошол тасманын тартуу иштери аяктап, жабык көрсөтүлдү. Тасманы тартуу иштери өткөн жылдын июнь айында башталганын режиссёр Эрнест Абдыжапаров SUPER.KG порталына айтып, буларга токтолду.
"Жусуп Абдырахманов тууралуу тасманы тартардан мурда 6-7 ай материал чогулттук. Январь айында тартуу иштерин баштаганбыз. Тасма 4 вариантта тартылып, акыркысына токтолдук. Эң кыйыны архивдик материалдын жоктугу болду. Бизде маалымат болгону менен, анын баары пайдаланылган. Ошондуктан архивдерди кыдырып материал чогултуу үчүн Москвага, Алматыга, Ташкентке чейин барганга туура келди. Андан сырткары саясий ишмердин чөбөрөсү Астемир Абдырахмановдун жеке архивинен материалдарды алдык. Бул тасма көпчүлүккө жаңылык болот.
Фильмди көргөндөр жакшы пикирлерин айтышып, окуучуларга, студенттерге жана саясатчыларга дагы тарбия бере турган тасма болгонун айтышты", - дейт режиссёр.
Тасма 29-августтан баштап Бишкектеги бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.