2019-жылдын жарым жылдыгында кыргыз спортчулары ар кандай эл аралык мелдештерден 371 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.
"2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз өлкөсүндө 70 чоң спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлгөн, биздин курама командалар 73 эл аралык мелдешке, 81 окуу-машыгуу чогулмаларына катышкан. Жалпы эсеп менен 6 айдын ичинде кыргыз спортчулары 371 медалга ээ болушуп, анын ичинен 97 алтын, 100 күмүш, 174 коло медаль утушкан", - деди ал.