27-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында таэквондо боюнча Азиянын Ачык чемпиондугу башталган. Спорттук мелдеш бүгүн, 28-июнда жыйынтыкталып, анда Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык жадыбалда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 күндүн жыйынтыгында Кыргыз спортчулары жалпы 136 медалга ээ болушту. Анын 54ү алтын, 33ү күмүш, жана 49у коло медаль.
Ал эми 2-орунду өзүнүн 19 медалы менен Малайзия алган. Алардын капчыгында 10 алтын, 6 күмүш, 3 коло медаль.
3-орунга Өзбекстан жайгашкан. Коңшу мамлекеттин спортчулары 7 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медаль тагынган.
Мелдешке чеберчилиги 1-дан болгон жана андан жогорку көрсөткүчү бар 15 өлкөдөн келген жалпы 1 миңге жакын спортчулар катышкан.