29-июнда Америка Кубогунун эки чейрек финалдык оюндары болуп өттү. Анын биринде Аргентина Венесуэлага каршы ойносо, Колумбия Чили менен кез келди.
Месси баштаган Аргентина Венесуэлага эки жоопсуз гол киргизди. Лаутаро Мартинес 10-мүнөттө эсепти ачса, Ло Чельсо 75-мүнөттө экинчи голду киргизди. Эми Аргентина жарым финалда Бразилия менен ойнойт.
Чили-Колумбия беттешинде эсеп ачылбай, жеңүүчү пенальти сериясында аныкталды. Анда Чили оюнчулары таамай болуп, 5:4 эсебинде утуп алышты.
Чилинин атаандашы Уругвай-Перу оюнунда аныкталат.