Бүгүн, 29-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде "Ak Orgo Boys" менен АИ-92 командаларынын "Дум-бари-думба" ырына тартылган клибинин бет ачары өттү.
Аткаруучулардын айтымында, бул ыр Бишкек шаарына арналган. "Бишкекте туулуп-өскөнүбүздөн улам борбор калаабызга арналган ырды жазгыбыз келди. Клипке дагы Бишкектеги кооз жерлерди тарттык. Негизги атрибутикасы эски маршруттук транспорттор болду. Аны издеп, Сокулуктан таап, сатып алып жасалгалап азыр айдап жүрөбүз", - дешти аткаруучулар.
Мындан тышкары иш-чарада "Апоу" аттуу жаңы шаңдуу ырдын бет ачары болду.
Иш-чарага продюсер Нурлан Мамакеев, ырчы Мирбек Атабеков жана Мээрим Төлөпберген, ырчы Нурлан Насип, тамадалар Санжар Мыкыев, Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев жана башка сахналаштары менен жакын достору куттуктап келишти.