Бүгүн, 30-июнда өзүн кыргыздардын деми атаган Гүлзат Мамытбек Бишкек шаарынын тургундарына, меймандарына өзгөчө шоудогу чыгармачыл кечесин тартуулады. Андан тышкары ырчы 10 миң адамдын катышуусунда флэшмоб жасады.
Концерттин башында Гүлзат Мамытбектин англис тилин үйрөтүүчү китептери, ата мекендик өндүрүштөгү шириндиктер ойнотулду. Мындан тышкары борбордогу тамактануучу жайлардын бирине барууга жана 3000 сомдук сертификаттар күйөрмандарга тартууланып жатты.
Кийин кезек флэшмобго жетти. Атайын чакырылган хореограф көрөрмандарга бий үйрөттү. Андан кийин көрүүчүлөрдү кызыктыруучу суроо-жооп оюну болду.
Концерт ырчынын "Кыргызым менин" ыры менен башталды.
Кийинки ыр белек кыргыз-казак достугун даңазалаган казакча ыр болсо, андан кийин дем-күч берген ырлар жаңырды. Тыныгуу учурунда Гүлзат Мамытбектин "I can fly" ырына бир нече бийчилер жана каалоочулардын катышуусундагы флэшмоб орун алды.
Кийин сахнага Казакстандан чакырылган конок чыкты. Гүлзат айым: "Кайраттын үнүн укканда аны менен чогуу сүрөткө түшүп жаткан картинаны элестеткем. Азыр картина гана эмес бир сахнада ырдап калдык. Кыялдан кыргыз. Кыялдар орундалат. Менин кыялым жанымда!" деп Кайрат Тунтековду тосуп алды.
Ал эми кесиптешин колдоп келген казак ырчысы Гүлзат айымды планетанын дем берүүчүсү атап, жеке концерти менен куттуктады. Ал репертуарындагы ырларын аткарып жатканда Гүлзат Мамытбек сахнага чыгып Майкл Жексондун ырларын аткарып берүүнү суранды. Кайрат Тунтеков поп-музыканын падышасынын эки ырын жандуу ырдап берди.
Нукура кыргыз жигити Добр жана Курал Чокоев сахнага чыгып, Гүлзат Мамытбекти кыргыздын Виаграсы деди. Жигиттер "Тур, турагой, кыргызым!" чыгармасын аткарып баарын бийлетти. Концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ырчы түрк тилинде обон созуп, ырды атасына арнаганын билдирди. Андан кийин "Кыз бурак" аталышындагы чыгарманы англис жана кыргыз тилинде аткарды.
Концерт флэшмоб менен жыйынтыкталып, аягында көрөрмандарга ачык асман алдында дискотека уюштурулду.
Концерттин өткөн жери: "Азия Молл" соода борбору;
Башталышы: 30-июнь саат 18:00 (1 жарым саат кечигип башталды);
Аталышы: "Я номер один!";
Келген коноктор: Кайрат Тунтеков (Казакстан).