Гүлзат Мамытбек: "Сатуучу болсоң сатуучулардын биринчиси бол!"

Ырчы Гүлзат Мамытбек 30-июнда жеке концертин өткөрдү. Анда ырчы кыргыз, орус, англис, казак жана түрк тилдеринде обон созду.

Концерттин башында түрдүү оюндар ойнотулуп, белектер берилди. Андан кийин Гүлзат Мамытбектин концертин уюштурууга жардам көрсөткөн инсандар, ырчынын апасы сахнага чыгып сөз сүйлөдү. Концертти көрүүгө келгендер ырчынын сахнага чыгышын 2 сааттай күттү. Көпчүлүктүн ышкырык, сүрөөнү менен Гүлзат Мамытбек ак боз аттын үстүндө "Кыргызым менин" ыры менен сахнага келди.

Биринчи жолу концерт берип жаткан ырчы сахнага чыккан образдары менен өзгөчөлөнүп, дем-күч берген чыгармалары менен көрөрмандардын дүркүрөгөн кол чабууларына ээ болуп жатты. Ал ырдап гана тим болбостон концертти көрүүгө келгендерге: "Кыргызым, сен бардык жерде биринчи болушуң керек! Сатуучу болсоң сатуучулардын биринчиси, көчө шыпыргыч болсоң биринчи, сен ким болсоң ошол кесиптин эң биринчиси болушуң керек! Эч качан экинчи же жыйырманчы болбо! Анткени сен Манастын урпагысың!" - деди. Анын ар бир чыгармасы жаңырып бүткөндө, ар бир сөзүнө көрүүчүлөр бир топко чейин кол чаап турушту.

Гүлзат Мамытбек концертинде кыргыздын Виаграсы аталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-jigit.com
2019-07-01 00:28:42
Толик сынчы барбадыбы))
-1
admin_media
2019-07-01 10:39:36
TalaCSKA, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
0
Nura2016
2019-07-01 20:39:55
Класс сонун жакты мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан