"Эл эмне дейт?" долбоорунун актёру, шоумен Эркин Усенбаев 30-июнда сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу актёр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
"Ал макулдугун берди, мен бактылуумун" деп жазган ал.
Эркин Усенбаевдин жүрөгүн багындырган бийкечтин аты Ажара Шайыкова, 20 жашта. Актёрдун достору да "Бактылуу болгула!" деген куттуктоо сөздөрү менен социалдык тармактагы баракчаларына видеолорду жарыялашты.