Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумуна директор болуп дайындалды

Көпчүлүккө "Ичпечи, апа" ыры менен таанылган ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумунун директору болуп дайындалды. Ырчы акыркы жылдары билим берүү тармагында иштеп келе жатканын айтып, буларга токтолду.

"24-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мени техникумга директор кылып дайындап, тиешелүү буйрукка министр Азамат Жамангулов кол койду. 28-июнда министрдин орун басары Кайрат Иманалиев техникумдун жамааты менен тааныштырып келди. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинде, Сузак райондук балдардын билим берүү борборунда, Жалал-Абад облустук филармонияда эмгектенгем", - дейт ал.

Эмил Балтагулов 1981-жылы Чаткал районунун Терек-Сай айылында төрөлгөн. 2004-жылы ОшМУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн артыкчылык менен аяктаган.

2004-2007-жылдары - Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде окутуучу;

2010-2011-жылдары - Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;

2013-2019-жылдары - Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти;

2015-2017-жылдары - Жалал-Абад облустук филармониянын директорунун орун басары;

2018-2019-жылдары - Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектебинде мугалим;

2019-жылы Сузак районундагы балдардын билим берүү борборунун "Жаш талант" музыкалык ийриминин жетекчиси.

Мындан тышкары ырчы - 14 жылдык тарыхы бар "Сезим" эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
talant87
2019-07-01 11:10:08
Ишинизге ийгилик
+7
Dembele84
2019-07-01 11:14:13
Вот ушуга окшогон тажрыйбасы бар,эл суйгон инсандардан койсонор эч элден соз укпайсынар...
+13
Tolkun555
2019-07-01 11:21:52
Туура чечим
+6
Tolkun555
2019-07-01 11:49:23
Тойдон алып келип эле директор кылып койбой,ушундай кадрларды которсонор эл дагы кош колдоп колдоп берет Ишине ийгилик болсун
+4
Adi010891
2019-07-01 11:50:25
Болот экенго ушинтип эл сыйлаган инсандарды койсонор!
+5
Mamiev
2019-07-01 14:03:05
Чындыгында таланттуу инсан. Ишинизге ийгилик тууган. Жакшы иштен
+1
JaneEr
2019-07-01 14:23:25
Азамат!Жакшы инсан.Ырлары маанилуу,башкаларга окшоп тантыбай.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-07-01 15:41:19
Билимдуу аялы экоо тен.Эмилди студент кезден бери билебиз.Кадр татыктуу.ОшМунун жылдыздары эле,Замир,Эмил,аялы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан