Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу Турсунали Рустамов 7 мүнөт ичинде 3 гол киргизип күйөрмандарын сүйүнттү.
Турсунали Рустамов Тажик чемпиондугунун 9-турунда "Панджера" футболдук клубунун дарбазасына гол киргизип, хет-трик жасаганга үлгүргөн.
Рустамов оюн талаасында негизги курамда чыгып атаандашынын дарбазасына оюндун 16,18, 23-мүнөттөрүндө гол киргизген. Жыйынтыгында оюн 9:0 эсебинде "Худжанддын" жеңиши менен жыйынтыкталган.