Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.
"Эң биринчиден, Отунбаева өзү оппозицияда жүргөндө "дүжүр чалдардан" өз дарегине ушундай эле айыптоолорду угуп келгенин унутпаса керек. Ошондуктан бул эжекебиздин сөзү олуттуу көңүл бурууга татыксыз деп эсептейм.
Кейиткени, бир кездерде мен абдан сыйлаган инсан кыргыз эли үчүн көптөгөн маанилүү учурларда калыс пикирин айтууга жарабаган "дүжүрлөрдүн" кейпин кийип калгандай сезилет. Бир эле мисал, акыркы кездерде бүткүл кыргыз үчүн маанилүү болгон уран маселеси боюнча эч бир калыс пикирин айтпастан, тескерисинче, страус сымал башын катып, үн катпай отурду.
Кыскасын айтканда, Отунбаева бул кайрылуусун кандай максатта жазса дагы элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошо турган калыс пикирди көрө алган жокмун", - дейт Кылычбек Султан.