Ырчы Арсен: "Жубайым менен кызымды төрөтканадан шаан-шөкөтсүз эле өзүм чыгарып келдим. Наристебизге Алия деген ысым ыйгардык"

29-июнда ырчы Арсен менен жубайы Бегайым кыздуу болуп, ата-эне статусун алышты. Арсен мырза кызына Алия деген ысым ыйгарганын SUPER.KG`ге билдирип, буларга токтолду.

"Бүгүн, 1-июлда жубайым менен кызымды төрөтканадан үйүбүзгө чыгарып келдим. Аларды чыгарып келүүгө өзүм эле бардым. Бегайымдын бир туугандары келишти. Досторум "качан чыгат, баралы, тосуп алалы" дешти. Бирок шаан-шөкөтү жок эле тынч чыгарып келүүнү туура көрдүм. Азыр үйдөбүз, кубанып жатабыз. Кызыбызга Алия деген ысым койдук", - дейт ал.

Түгөйлөр 2018-жылы июль айында баш кошушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurtilek06
2019-07-01 16:42:57
Бешик боонор бек болсун,омуру узун бактылуу кыздардан болсун !!!Улгулуу уй-булоодон болгула
+4
Nur777
2019-07-02 00:19:20
Азаматсынар,ошондой жонокойлугунордон жазбагыла!
Алиянын дени сак,омурлуу,бактылуу,акылдуу жана акылдуу кыздардан болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан