Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди.
"Роза Отунбаева саясий көз караштагы сын-пикир айтса, мен экономикалык көз караштагы сын айтмакмын. 2023-жылы тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру келет, айрыкча Бишкек ЖЭБине алынган насыя боюнча. Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү катары бул маселе мени абдан ойлондурат. Дайыма экономикага көбүрөөк көңүл бурууга чакырам. Атамбаевдин тушунда тышкы карыздын көлөмү кыйла өскөн. Ал насыя алуу коркунучтуу эмес деген, бирок эл аралык тажрыйба "бир өлкөдөн же бир эл аралык институттан алынган карыздын көлөмү жалпы карыздын 25 пайызынан ашпаш керек" деген жагдай бар. А биз бул чектен чыгып кеттик.
Мындан тышкары Атамбаевдин "биздин спецназ жана оштук спецназ" деп айтканы мен үчүн таң калычтуу болду. Ал мамлекетти башкарган киши болуп туруп коомдогу талуу жерлерди, кантип кастыкты козутуу керектигин, эл алдында эмнени айтса болот жана эмнени айтса болбой турганын жакшы билет. Экс-президент элди тирүү тосмо катары колдонуу туура эмес экенин түшүнөт. Ал саясатчыларга күнөөсүз экенин сотто далилдөөнү дайыма талап кылчу, ал эми анын азыркы аракеттери сөзүнө туура келбей жатат", - деди Сурабалдиева.