Буга чейин айрым маалымат булактарында "АБВ" турак жай ээлеринин шериктигинин төрагасы Райкан Кунакуновага таянып, "Бишкекте 16-24 жаштагы балдар үй комитет башчылары тарабынан чогултулуп жатат. Аларды Алмазбек Атамбаевге каршы чыгарууга жыйнап жатышат деген божомолдор бар" деген маалымат тараган.
Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясына кайрылганыбызда SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдиришти:
"17-июнда Свердлов райондук акимчилигине "Жаштарды өнүктүрүү институту" уюмунун директорунан кат келген. Ал катта уюм тарабынан каржылана турган спорттук лагерге активдүү, спортко кызыккан 16-24 жашка чейинки балдар чогултулуп жатканы айтылган. Аталган лагерде балдар үчүн ар кандай иш-чаралар, мастер-класстар өтүлөрү жазылган. Аталган уюм өспүрүмдөрдү Бишкек, Кара-Балта, Кемин, Беловодск, Сокулук жана Лебединовка да чогултуп атайын лагерге жиберүүнү көздөөдө", - дейт мэриянын басма сөз кызматы.
Ал эми балдар митингге чыгуу үчүн чогултулуп жатат деген сөз чындыкка жатпайт экенин басма сөз кызматы кошумчалады.