Депутат Исхак Масалиев: "Атамбаевдин "курал колдоном" деген сөзү бул кылмыш жана бийликке баш ийбөөгө чакыруу". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдинтегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген соболу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев пикирин айтты.

"Мыйзам алдында баары бирдей. "Муну билбейм жана мамлекеттик органдардын талаптарын аткарбайм" деген принцип туңгуюкка алып барат жана укуктук мамлекеттин жок болушуна жеткирет. Атамбаев соттук реформаны ишке ашырдым деп бир нече жолу кайталаган. Сотторду да өзү дайындаган. Анын кол алдындагы аппаратынын аракеттери менен кылмышка шектүүлөргө карата иштерди жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынган. Атамбаев муну менен мактанган. Аны кол тийбестиктен ажыраткан парламентти өзү түзгөн. Эгер анын партиясы өзүнүн лидери үчүн күрөшпөсө, кимди айыптаса болот?

"Атайын кызматтагы жоокерлерге карата ок чыгарам" дегени бул кылмыш жана бийликке баш ийбөөгө чакыруу.

Мен Атамбаев менен 2000-жылдан тарта жакшы мамиледе элем, чын жүрөктөн сыйлачумун. Бирок 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин терс жакка өзгөрдү деген тыянакка келдим. "Бийлик" деген жакшы көргөн оюнчугун алып коюшкандан кийин анын жүрүм-турумунда чектен ашкан терс көрүнүштөр байкалууда", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан