1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата "Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың" аттуу эл аралык айтыш сынагы болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык айтыштын 1-туру Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында өткөн. Ал эми финалга чыккан акындардын айтышы 1-июль күнү саат 17:00дө Каракол шаарынын борбордук аянтында өтүп мыктылар аныкталды.
"Айтыш көргөнү келген күйөрмандардын саны арбын болду. Баш байгени төкмө акын Кадырбек Бейшенов, 1-орунду Эсенбек Кийизбаев, 2-орунду Нурсултан Малдыбаев алса, 3-орунга казак акыны Нурулбек илинди. Сынактын жалпы байге фонду - 500 миң сомду түздү", - деп билдиришти фонддон.