Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен Суусамыр өрөөнүндөгү сууга түшүп, дайынсыз болуп изделүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди.
"Молдакун Абдылдаев 30-июнь күнү Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен. Унаанын ичинде аппарат башчысы, анын жубайы болгон. Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы" деди ал.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, 30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу күбөлөрдөн билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, унааны тапкан эмес. Күбөлөр көрсөтмө берип, бул факт Жайыл РИИБинде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Ал эми Абдылдаевдин жакындары унаанын ичинде 4 чоң киши жана 1 бала болгонун, акыркы жолу Жумгал районуна жеткенде байланышка чыкканын айткан.
Дайынсыз болуп жаткан адамдардын жакындары унааны көрүп, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдарга 0 (555) 484 883 телефон номери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.