Токмоктогу үйлөнүү тойдон ууланган келин: "Тойго эки жүздөн ашык адам барган"

Токмокто үйлөнүү тойго барып уулангандардын саны улам сайын өсүүдө. Аталган тойго кыз тараптан барган Зарина Алгадаева SUPER.KG порталына окуя боюнча буларды айтып берди.

Анын айтымында, тойго 200дөн ашык адам барган.

"29-июнда Токмок шаарындагы тойканалардын бирине кыз тараптан 43 адам барганбыз. Айрым коноктор Кочкор районунан келишкен. Азыркы учурда Кочкордогу туугандарыбыздын баары ооруканада жатат. Ал эми борбордогулар улам күн өткөн сайын ууланганыбызды билип жатабыз. Азыр менин дагы дене табым көтөрүлүп ооруп жатам.

Ошол күнү аба ырайы, тойкананын ичи дагы аябай ысык болчу. Кондиционерлер дагы жакшы иштебей жаткан. Кадимки тойлордо коюлчу эле салаттарды, тамактарды жегенбиз. Биз тоок жана балыктын этинен, майонез кошулган салаттардан ууланышыбыз мүмкүн деп жатабыз. Азыркы учурда тойкананын администрациясы менен байланыша элекпиз. Менимче, алар ооруканада жаткан адамдардын дары-дармегине жардам бериши керек", - деди Алгадаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aza17
2019-07-02 14:07:01
.
0
karona12
2019-07-02 14:13:11
Кайнаган ыссыкта той берип кереги жок.
+3
bond02
2019-07-02 14:42:57
Ысыкта тойду суунун жээгинде откоргуло.
+2
Kroxa
2019-07-03 23:05:28
Тойго барсан тойуп бар эч нерсе жегенге болбойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан