15 жаштагы америкалык теннисчи Корри Гауфф Уимблдондун биринчи айлампасында атактуу теннисчи Винус Уильямсты утуп, элди таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Гауфф өз жеңиши менен Уимблдон таймашынын тарыхындагы эң жаш катышуучусу болуп калды.
Эки теннисчинин ортосундагы таймаш 1 саат 21 мүнөткө созулуп 6:4, 6:4 эсебинде жыйынтыкталган. Уильямсты жеңген Гауфф буга чейин орусиялык теннисчи Анна Курникованын 1996-жылдан бери келе жаткан рекордун жаңылады.
1996-жылы 15 жаштагы Курникова US Open`дин төртүнчү айлампасына чейин жеткен.
"Чоң шлемге" кирген төрт мелдештин, анын ичинде эки Уимблдондун жеңүүчүсү Винус Уильямсты уткандан кийин Гауфф көзүнө жаш алып, "оюн мындай нукта өтөт деп ойлогон эмесмин" деп билдирген.