Нурзат Токтосунованын туулган күнүндө Гүлнур Асанованын эжеси 100 доллар утуп алды

2-июлда алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгиледи.

Бул кечте алып баруучуга дээрлик ар бир конок гүл көтөрүп келип, күн күнөөкөрүнүн кулачы гүлдестеге толду. Токтосунова быйыл 36га чыгып мүчөл жашын өткөрүүдө. Кара кийик жылында туулган Нурзат Токтосунова: "Кызым экөөбүз тең Доңуз (Кара кийик) жылында туулганбыз. Анын ырымын кылып жолдошум мага кызыл көйнөк алып берди. Ал эми кечеге мен эң жакын деп санаган адамдар келди. Ар бирине ыраазымын", - дейт.

Ал эми бул маанилүү датаны белгилөө демилгеси алып баруучунун жолдошу тамада Максат Надырбековдуку болгон. Бул боюнча ал: "Келинчегимдин туулган күнүн белгилебейт деле болчубуз. Бирок баары бир жакындарыбыз куттукташат, белгилебесек да "чакырбадыңар" деп таарынышат деп эки күн мурда эле чукул пландай койдук", - дейт.

Туулган күндүк кечеде жигиттер арасында чүкө атуу, кыздар арасында аркан тартыш оюндары болуп жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты. Ал эми кеченин соңунда конокторго алдын ала берилген катар сандар боюнча лотерея ойнотулуп, баш байгеге коюлган 100 АКШ долларын ырчы Гүлнур Асанованын эжеси Айнура Асанова утуп алды.

Ыр, бий коштолгон кече бата менен аяктады.

Нурзат Токтосунова мүчөл жашын өткөрдү. Туулган күндөн репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-07-03 01:18:10
Баягы эле лицолор. Качан кутулавыз ушулардан
+4
Aidar.001
2019-07-03 01:51:29
katerina.li,не кылган булар?
0
aiba_00
2019-07-03 08:35:58
katerina.li,Кутулуп алып эмне кыласын, журо беришсин майрамдап.
+2
Nurtilek06
2019-07-03 10:21:23
Нурзат 1985 ж деп ойлогом
0
karona12
2019-07-03 11:50:02
Юрий Бабковтун туулган куну болуптур жазбайсыздар го.Айтайын дегеним откондо эле кайрымдуулук концерт откоруп журушот эле машина сатып алыптыр туулган кунуно,элдин башын айландырмай эптеп саясатчылар менен ырчылар.
+5
admin_media
2019-07-03 17:13:32
karona12,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
PogbaGard
2019-07-03 12:09:11
Кыргызстанда мен Бекти , Бактияр Токторовту, Гулнур Сатылганова,Атабеков, Омар, ушулар чыныгы ырчы калганы кайф только
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан