Америка Кубогу: Аргентина финалсыз калды. Бразилия-Аргентина эсеп 2:0

Америка Кубогунун жарым финалында Бразилиянын курама командасы Аргентина курамасын 2:0 эсебинде жеңип алды.

Кызыктуу оюндун жүрүшүнүн 19-мүнөтүндө Габриэл Жезус Бразилиянын эсебине алгачкы голду жаза алды. Ал эми Роберто Фирмино 71-мүнөттө эсеп санын 2:0 кылды. Жыйынтыгында Бразилия курамасы финалга жолдомо алды.

Финалдык беттеште Бразилия Чили-Перу оюнунда жеңүүчү аталган команда менен кез келет.

15-июнда Бразилияда Түштүк Америка футбол конфедерациясы тарабынан уюштурулган Америка Кубогунун тайпалык баскычы старт алган.

Мелдешке Түштүк Америка континентиндеги 10 өлкө жана конок катары чакырылган Азия футболдук конфедерациясынын курамындагы Япония жана Катар өлкөлөрү, жалпы 12 команда катышууда.

Азыркы тапта Америка Кубогунун ээси - Чили курамасы. Ал эми эң көп жеңүүчү аталган команда Уругвай курама командасы, алар 15 жолу жеңишке ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alinur
2019-07-03 10:09:55
Бечара Мессиге эле кыйын болду
-13
Eka.kg
2019-07-03 10:17:26
Аргентина Игуаин менен:
Финалист ЧМ14, КА 15, КА16

Аргентина без Игуаина.
1/2 финал КА 19
+10
Eka.kg
2019-07-03 10:17:56
Негизи Аргентинаны алдыга сүйрөгөн Игуаин эле экен.))
+15
Dembele84
2019-07-03 10:24:12
Аргентинада озу коптон бери норма центр полузащитник жок болуп жатат.Ортодо топту кармап алдыга пастарды берген норма игрогу жок.Алдыга топ жетпесе кайдагы гол,кайдагы жениш...
+1
PogbaGard
2019-07-03 11:57:20
Месси бир эле мастер Бразилияда 11-мастер счет 2:0 болбой анан канча болмок
+3
argen1991
2019-07-03 14:04:08
Кызыктуу болду
-1
ArgenMers
2019-07-03 19:33:00
Бразилия утушун билгем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан